Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенге 106 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Баткенге 106 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бүгүн, 17-сентябрда саат 12:00дө Баткендин атышуу болгон аймактарынан 136 миң 770 жаран коопсуз жерге эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билидирди.


Жалпы Баткен облусу боюнча убактылуу кабыл алуу жайлары ачылып, 4 миң 458 жаран жайгаштырылган. Эвакуациялоо иштерине Жарандык коргонуу кызматтарынан 7 миң 498 кызматкер, 335 техника тартылган.


Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан, Ош облусунан жана БУУдан товардык материалдык баалуулуктар жөнөтүлдү. Учурда Баткен облусуна жалпы 106,6 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 33,5 тонна гумжардам Маргун айыл аймагына таратуу үчүн жөнөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн