Бүгүн 17-сентябрь, таңкы саат 08:00гө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы кырдаалга билдирүү таратты.
Анда Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облусунан Баткен элине жардамдар келип түштү. Учурда азык-түлүк азыктары 3 фура жана КР ӨКМнен тартылган атайын эки Камаз менен жеткирилди.
Гуманитардык жардам негизинен азык-түлүк, тамак аш азыктары.
Маалыматка ылайык, кыргыз -тажик чек арасында болгон кагылышууга байланыштуу Баткен эли үчүн өлкөнүн башка облустарынан да гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.
Баткенде коомдук коопсуздук тиешелүү жетекчилердин жеке көзөмөлүндө турат. Ал үчүн жеринде УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев, КР Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов жана КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен биргеликте иш алып барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн