Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенге 824 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткенге 824 тонна гуманитардык жардам жеткирилди


Жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3767 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.



Ош шаарындагы берүү мекемелеринин жатаканаларына 1247 жаран жайгашкан.  

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди а/а 5301 жаран эвакуацияланган. 


Баткен облусуна жалпы 824,6 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 528,6 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. 


Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 54 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү. 

     

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн