Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенге Кытай жана Россия тарабынан берилген 10 өрт өчүрүүчү техника берилди

14.03.2023 12:08
175
Баткенге Кытай жана Россия тарабынан берилген 10 өрт өчүрүүчү техника берилди



Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 10 "HOWO", 4 "KAMAZ"  өрт өчүрүүчү авто унаа жана 1 "HOWO"  авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.


Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө жана ӨКМдин кызматкерлеринин мыкты кызмат өтөөсүнө тилектештигин билдирди. 


Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алып келинген техникалар алдыдагы күндөрү облус элине кызмат көрсөтө баштайт. 


Эске салсак, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы да 4 өрт өчүрүүчү авто унаа жана жүргүнчүлөр үчүн 6 автобус алып келинген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн