Баткен облусуна өкмөт тарабынан дагы 30 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өкмөттөн Баткен облусу 30 кычкылтек концентраторун, 80 пульцоксиметр жана коргонуучу каражаттарды алды. Медициналык жабдуулар район, шаарларга муктаждыкка жараша бөлүнүүдө.
Буга чейин өкмөт тарабынан Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн