Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Базар-Коргондо баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн 20, 24 жаштагы эки жигит кармалды

23.08.2023 11:55
549
Базар-Коргондо баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн 20, 24 жаштагы эки жигит кармалды


Базар-Коргон районунун аймагында баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн 20, 24 жаштагы эки жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милициянын Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери тарабынан район аймагында 2 жаран баңгизатын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Бул факты Базар-Коргон РИИБдин КБРне КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин БМЖКККнын, ошондой эле кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектелип Ноокен районунун тургундары 1999-жылы туулган Т.Т. жана 2003-жылы туулган Т.Р. кармалган.

Шектүүлөрдү кармоодо жана үйүн тинтүү учурунда өзгөчө кескин жыты бар баңгизаттары табылып алынган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында шектүүлөрдүн жанынан жана үйүнөн чыккан баӊгизатынын жалпы салмагы 204,525 гр (18,925 гр марихуна, 185,6 гр солома каннабиса) экендиги аныкталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн