Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды, - Премьер-министр

06.05.2020 17:43
959
Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды, - Премьер-министр


Өкмөттүн экономикалык өнүгүү боюнча планын аткаруу создугууда, бирок бул багыттагы иштер улантылат, деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезексиз жыйынында. 

«Биз жылдын башында алдыбызга чоң максаттарды койгонбуз. Бул аймактарды өнүктүрүү, 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу, экономиканы санариптештирүү, экономиканын көптөгөн тармактарында реформа жасоо. Жыл жакшы көрсөткүчтөр менен башталган. Алгачкы эки айда экономикалык өсүш 4,3% түздү. Бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин айлык акысын 12%га көтөрө алдык. Бирок COVID-19 пандемиясы өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди. Ошондо да өкмөт кыйынчылыктарга карабастан экономикалык өнүгүү пландарын аткарууну улантат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.  

Экономиканы өнүктүрүүнүн ар бир баскычы коом тарабынан оң кабыл алынды.

«Планда салык кызматын реформалоо сыяктуу маанилүү багыттар камтылган. Бюджет көбүнесе дал ушул кызматтын ишинин ачыктыгынан жана таасирдүүлүгүнөн көз каранды. Реформалар коррупциялык иш-аракеттердин тобокелдиктерин азайтып, калктын ишенимин кайтарууга шарт түзөт. Фискалдаштыруу тутумун киргизүү көмүскө экономика менен күрөшүүгө өз салымын кошот. Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды. Башталган бул кадамдардын бардыгы аягына чыгарылып, өз жемишин алып келет», - деди премьер-министр. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн