Бугу 13, 2024
Убакыт: 11:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бекболот Арзибаев: “Ички авиакаттамдарга күч органдары, мамлекет башчысы көңүл бурса...”

23.08.2023 11:01
1868
Бекболот Арзибаев: “Ички авиакаттамдарга күч органдары, мамлекет башчысы көңүл бурса...”


Ош шаардык кеңешинин депутаты менен маек.


- Бекболот мырза, мындан бир айдай мурда сиз ички авиакаттамдарга билеттердин баасынын кымбаттыгы боюнча маселе көтөрдүңүз эле. Андан бери кандайдыр бир жакшы жагына өзгөрүү байкалдыбы?


- Тилекке каршы, азыркы күндө деле бул карапайым эл үчүн чоң көйгөй бойдон калууда. Жыл сайын жай айларында, ички туристтик сезон башталган убакта баалар асмандап кетет. Түштүк жактан: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан Ысык-Көлгө барган эс алуучулардын санынын көптүгүнө карап, авиабилеттердин баасын да кымбаттатат. Кымбат болсо дагы макул болуп, алайын десе, билет дайыма эле боло бербейт. Азыр көпчүлүк жарандарыбыз үчүн күндүн ысыгына байланыштуу Оштон Бишкекке самолёт менен эле учуп келген ыңгайлуу болуп жатат. Такси менен 12-13 саат жолдо жүрүү ушундай ысыкта аябай эле оор. Мунун айынан акыркы убакта Ош-Бишкек унаа жолундагы үрөйдү учурган кырсыктардын саны күн санап көбөйүүдө.

Биздин ички учуу каттамды тейлеп жаткан "Тез жет" жана "Авиатраффик" авиакомпаниялары. Негизи, экөөнүн ээси бир адам экени айтылып жүрөт. Өкмөткө тийешелүү болгон "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясын бир аз убакыт мурун бонкрот болду деп жарыялады. Бул жерде башка кызыкчылыктар “ойногону” айдан-ачык эле көрүнүп турат. Себеби, жогорудагы эки авиакомпания күн санап пайда таап, эч кандай бонкрот болбой эле иштеп жатышат. Биз туура эле түшүнөбүз, ал компаниялардын деле өздөрүнө жараша чыгымдары бар, бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин мамлекетибиздеги ички авиакаттамдарыбыздын баасы аябай кымбат болуп жатат. Билеттин баасы кымбаттаганы аз келгенсип, ар бир жүргүнчүгө 15 килого чейин эле жүк алууга уруксат берип, андан ашса ар бир кило жүк үчүн олчойгон сумма төлөтүшөт. Билеттин баасына жараша эле ар бир жүргүнчүгө 25-30 кг чейин багажга жүк алууга уруксат берип койсо деле болот го? 


- Демек, сиздин көз карашыңызда билеттердин баасын кыйла арзандатканга шарт бар турбайбы?


- Менин жеке көз карашымда, бул эки авиакомпания ички каттамдардагы билет баасын 2000 сомдон 3000 сомго чейин деле сатып иш алып барса болот. Андан эч кандай бонкрот болушпайт. Ушул ички авиакаттамдар боюнча тийешелүү күч органдарына, мамлекет башында турган жетекчилерге кайрылгым келет. Качанкыга чейин карапайым эл монополист авиакомпаниялардын көзүн карайт? 


- Баса, Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери кандай жүрүүдө?


- Ош шаарынын так ортосун аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн шаар казынасынан 2020-жылы 120 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилген. Тилекке каршы, арадан үч жыл өтсө дагы Ак-Буурада ушул күнгө чейин 10 пайызга жакын гана иш аткарылган. Каражаты убагында эле бөлүнүп берилген, азыркы күндө жок дегенде 50 пайыздан ашуун иштери бүтүшү керек эле. Ошондо бөлүнгөн каражат каякка кетти? Ак-Буура дарыясын реконструкциялоо долбоорун аягына чыкпай жатканынын бирден-бир себеби, долбоор базар баасынан бир топ эле кымбат бааланып калган. Жалпы суммасы 250 млн. сомдон ашуунду түзөт. Бул жерде долбоорду ишке ашырып жаткан “тендербайлардын” көз боёмочулугу айдан-ачык эле көрүнүп турат. Биздин күч органдары базар баасынан алда канча кымбат бааланып калганы боюнча кылмыш ишин козгосо болот. Ош шаарыбыздын казынасынан бөлүнгөн каражат ар бир тыйынына чейин максаттуу пайдаланышы керек.


Самидин Арпачиев, Ош шаары 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн