Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:33
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Бекназаров: Матраимов парламенттик шайлоодо күчтүү конкурент болот

11.12.2020 17:42
1457
Бекназаров: Матраимов парламенттик шайлоодо күчтүү конкурент болот

АКШнын "кара тизмесине" кирген Райымбек Матраимов жана анын тарапташтары парламенттик шайлоодо күчтүү конкурент бойдон калат. Бул тууралуу  КРнын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров "Назар ньюс" агенттигине маек берип жатып билдирген.


"АКШ эч качан Кыргызстанга жардам берүүнү ойлобойт. Анын жардамы ар дайым АКШнын өзүнүн жеке кызыкчылыгынан келип чыгат. АКШнын Борбордук Азияда жүргүзө турган кызыкчылыгы өтө көп. Алар аны саясый жактан туруксуз, экономикасы алсыз, бийлиги коррупцияланган, азыр өткөөл мезгилде анархиялык сезим менен жашап жаткан Кыргызстан аркылуу ишке ашырууну көздөп келген жана көздөйт. Борбордук Азиядагы башка Республикаларда алар үчүн биздикиндей ыңгайлуу шарттар жок. Алар Кыргызстандын азыркы бийлик ээлери Жапаров-Ташиев тандемине каршы, парламенттеги партиялык-мафиялык системаны сактап калуу шылтоосу менен (партиялык тизмени) айрым батышчыл депутаттар, саясатчылар аркылуу күнү-түнү активдүү иш жүргүзүп жатат. Матраимовду «кара тизмеге» киргизүүнүн өзү парламентке батышчыл көз караштагы партиялар менен депутаттарды алып келүүнүн камын жеп жатканы. Жапаровдун реформаларына каршы «чок басып алгандай секирип» жаткандар үчүн, жакында боло турган парламенттик шайлоодо Матраимов жана анын тарапташтары күчтүү конкурент бойдон калууда. Анткени, матраимовчулар батышчылдарга караганда, мекенчилдерге жакын",- деди Бекназаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн