- Бектур мырза, соттун чечими эмне болду? Кепти ушундан баштайлы.
- Июнь айынын башында соттун чечими чыкты. “Сүттөн аксың” дешти. Соттук иштеримдин баары акталып, тазамын.
- Кыргызстандагы саясый акыбалдын баарын билип, туюп турсаңыз керек?
- Кайсынысын сурайсыз?
- Кумтөрдөн баштайлы...
- Өтө актуалдуу, туура маселе болду. Себеби, мурунку бийлик мындай кадамдарга барган эмес. Аягына чыгып, орто жолдо айнып кетишпесе болду. Түшүнбөгөн бир нерсе бар: “эмнеге бийлик оор жолду тандап алды?” деп атам. Убактылуу сырттан башкаруу биз үчүн туура эмес. Эмне үчүн улутташтырууга барган жок? Эл аралык укуктар боюнча улутташтырууга барганыбызда бизде чоң утуш болмок. Себеби, БУУда 1963-жылы ушундай эл аралык норма кабыл алынган. Мындай сот болбойт эле. Бирок, кандай болгон күндө да толугу менен мамлекеттин кызыкчылыгына чечилиши керек да. Сабыр кылып күтө турганыбыз оң. Бул жагдайда мамлекеттин, бийликтин ишин колдогонубуз туура болот.
- Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара маселесичи?
- Бул да бүгүнкү күндө көйгөй жараткан маселелердин бири. Эми колдон келсе, бул маселени биз Тажикстан менен өз ара чечип алышыбыз керек. Башка, үчүнчү чоң державаларды аралаштырбаган оң. Ошондой болсо жакшыраак болмок. Туура, күч колдонуулар болуп атат. Дипломатиялык жол менен чечилбесе, провокацияларды коңшу мамлекет жасаса, анда биз да ошого даяр туруубуз абзел. Тынчтык болуш үчүн биздин мамлекеттин аскердик күчү кубаттуу болгонун каалайм. Бирөө-жарым “буларга тийишсек болбойт. Бул мамлекет жообун катуу берет” дегендей сестенип турат эле. Ошон үчүн куралдуу күчтөргө өзгөчө мамиле кылып, ушу жагына басым жасасак туура болчудай. Анан бул маселеде баардык саясатчыларды бир болууга чакырат элем, позиция, оппозиция болбой.
- Күздө боло турган парламенттик шайлоону кандай элестетип атасыз?
- Парламенттин кадыр-баркы буга чейин тийешелүү деңгээлде болбоду, аны кармап, иштетүү бул бийликке аброй апкелген жок. Бийликке болгон элдин эң чоң нааразычылыктары парламенттин айланасында болууда. Конституция күчүнө кирди. Президент эки тизгин бир чылбырды колго алды, азыр мыйзам чыгаруу палатасы шайлоо кодекстерин карап атат. Ушуну тез арада Конституцияга ылайык кылып, сөзсүз түрдө күз айларында парламенттик шайлоону өткөрүп алыш керек. Антпесе мамлекеттеги саясый кризис курчуйт, бийликтин кадыр-баркы дагы да түшөт. Дагы да бир топ маселелер болуп атат. Бүгүнкү бийлик, жалпы мамлекет үчүн партиялык тизме, ачык шайлоо же преференциялык, мындайча айтканда, талапкерлердин ичинен кошумча добуш берүү туура болмок. 35 можаритардык системаны киргизиш – мамлекетке 35 көйгөй жаратат. Кандай болгон күндө шайлоо адилеттүү өтүш керек. Биз угуп атабыз, “бийлик 35 округдан өзүнүн 35 кишисин даярдап атат, бир канча партияны алып чыгат” деп. Эгерде бийлик “парламентти биз утуп алабыз” десе, анда жакшылык менен бүтпөйт. Себеби, мурунку бийликтегилер да “парламентти көзөмөлгө алабыз” деп атып элге нааразычылык жараткан жана революциялар болгон. Ошондуктан бийлик бүгүн парламенттик шайлоону таза өткөрүшү керек. Сот реформасын чын жүрөктөн жасап, көз карандысыз кылса, анда Кыргызстандын келечеги бар.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн