Активист Бекзат Өмүрбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу милициянын мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев көптөгөн адамдарды алдап, сызга отургузганы тууралуу кайрылуу жасады.
Өмүрбековдун айтымына караганда, Жалил Атамбаев Ош облусунда жана Токтогул районунда тендерлерден утуп, жумуш бүткөндөн кийин ишчилерге акысын бербей койгон.
Ошондой эле, активист Жалил Атамбаевдин мындан башка дагы кылмыштары тууралуу далилдүү фактылар менен укук коргоо органдарына кайрыларын кошумчалады.
Пикирлер (3)