Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Беларустан Кыргызстанга автобус жеткирүү шарттары талкууланды

10.12.2021 08:40
1158
Беларустан Кыргызстанга автобус жеткирүү шарттары талкууланды


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Арзыбек Кожошев жана Петр Пархомчик келишим долбоорунун пункттарын талкуулады, ага ылайык, белорус тарап Бишкек шаары үчүн белорус өндүрүшүндөгү автобустарды ташып баштоого даяр.

Тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен келишим долбоорун талкуулоону улантуу макулдашылды.

Белгилесек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, анын жүрүшүндө Бишкек шаары үчүн коомдук транспортту жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн