Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Белгилүү жазуучу Садыр Жапаровго кеңешин берди

19.01.2021 10:40
1114
Белгилүү жазуучу Садыр Жапаровго кеңешин берди

Урматтуу Садыр Нургожоевич!


Кудай буюрса, жакында инагурацияңыз болот. Мыйзамдуу түрдө президенттик кызматка киришесиз. Кут болсун! Ошондо Сизден бир өтүнүч: эч качан мекемелерге өзүңүздүн портретиңизди илдирбеңиз. Өзүңүздүн кабинетиңизден баштап, демилге кылып, Республиканын бардык мекемелерине Кыргыздын улуу инсандарынын гана портреттерин илдириңиз. Мурункулардын жагынуучулук саясатын кайталабаңыз. Идеал туткан улуулардын жолун улантпай, улуулардын  арбагына таазим этпей, элибизди эл кылган, Ала-Тообузду ушул күнгө чейин сактап келген, эгемендүүлүгүбүз үчүн өмүрүн сайып кызмат кылган  улуу баатырларыбыздын,  мамлекеттик ишмерлерибиздин рухун сыйлабай, ошолордун кылган улуу иштерин мүнөт сайын эстеп турбай, кыргыз элибиз алга жылбайт! Ошон үчүн:


- Манас атанын;


- Барсбек бабанын;


- Алп Солдун;


- Мухамбет Кыргыздын (Тагай бий);


- Эр Табылдынын;


- Курманбек баатырдын;


- Тайлак баатырдын;


- Курманжан датканын;


- Алымбек датканын;


- Ж.Абдрахмановдун;


- И.Айдарбековдун;


- Т.Айтматовдун;


- Б.Исакеевдин;


- А.Орозбековдун;


- И.Раззаковдун портреттерин эмитен жакшылап даярдатып, милдеттүү түрдө илдириниз. Сиздин татыктуу Президенттик жолуңуз ушундай баалуу иштен башталса, сөзсүз жакшы үлгү да, жакшы төлгө болот!


Сулайман Рысбаев, балдар жазуучусу жана педагог


Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Роза Сурулова
Эң мыкты айтылган кеңеш , бар болуңуз агай !
Марс таабалдиев
Сулейман казыбаевич туура айтасыз таарыхта калган инсандарды эскеруу менен иштешет кандай залкар адамдар
Бибинур
Залкарлардын сүрөтү деле Тарых маданият жылында көчөлөргө ар бир столбаларга чейин илинди го. Пока жетет. Андан зарыл иштер толтура. Быйылкы жылды "Сапаттуу билим берүү, өндүрүштү өнүктүрүү жана коррупцияны жок кылуу жылы" деп жарыялоо керек. Ушу жагынан аксап атабыз.
Рыспаева Бактыгул
Сулейман Казыбаевич туура айтасыз. Элдик президент Садыр Жапаров эл учун ак эмгек отогон тарыхта калган инсандарды арлактаса, ал озу да тарыхта калат. Табияттын законунда да ал айтылат.
Кайыр Жолдошбековна
Эң туура агай!