"Ордо", "Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Реформа", "Ыйман Нуру" партиялары бириккенин жарыялашты.
Партиялардын өкүлдөрүнүн айтымында, алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп эсептешет.
Алар бардык оппозициялык күчтөрдү жана жарандарды биригүүгө чакырып, саат 12:00дө "Ала-Тоо" аянтына митингге келүүгө үндөштү.
Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтыгы боюнча 16 саясий партиянын ичинен төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн