Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 08:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Билим берүү министри челлендж баштап, эстафетаны Артем Новиковго узатты (ВИДЕО)

25.12.2020 18:32
1341
Билим берүү министри челлендж баштап, эстафетаны Артем Новиковго узатты (ВИДЕО)

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, челлендж баштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


Министр өз куттуктоосунда балдардын билимдүү жана адептүү болушуна, алардын келечеги кең жана бакубат жашашына тилектеш экендигин билдирди.


Министрдин айтымында, Республикалык "Балажан" эстетикалык билим берүү окуу-методикалык борбору тарабынан жетим балдар үчүн мектеп-интернаттардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп-интернаттардын арасында "Жаңы жыл - Жаңы үмүт" аттуу долбоор уюштурулган. Ошондой эле ал жерде сүрөт тартуу боюнча сынак өткөрүлгөн. Мыкты чиймелер мамлекеттик органдардын башчыларына, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилерине жана өкүлдөрүнө белек катары жөнөтүлдү.


«Мен 13 жаштагы Иманбектин сүрөтүн дүлөй балдар үчүн атайын мектеп-интернаттан алдым. Менин атымдан Иманбекке планшет берем», - деди Алмазбек Бейшеналиев.


Эстафетаны Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковго узатып  андан эстафетаны улантууну өтүндү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн