Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Билим берүү министри эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду

10.12.2020 09:14
414
Билим берүү министри эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, иш сапарынын 2-күнү Каракол шаарынан башталды. Министр Бейшеналиев К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук курамы менен жолугушуп, билим берүүнүн мазмунундагы жаңыланууну талкуулады.


Андан соң Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Түп районуна барып, көптөн бери курулушу бүтпөй келген мектептерди тиешелүү адистер менен талкуулады.

Иш сапардын акырында министр Ысык-Көл районунун, Ананьево айылындагы №82 кесиптик лицейдин жалпы абалы, техникалык-материалдык жабдылышы, окутуу шарттары менен таанышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн