Нарын дарыясына түшүп кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-апрелде кар эрип, суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу баланы издөө иштери убактылуу токтотулду.
Эскерте кетсек, 7-мартта Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 9 жаштагы Т.Т. аттуу бала түшүп кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн