Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Касым Жомарт-Токаев жана Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Касым Жомарт-Токаевдин куттуктоосу: «Келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм».
Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу: «Кирип келген Жаңы 2023-жыл менен чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз! Сизге бекем ден соолук жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош өлкөңүздүн элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана ар дайым прогресс каалайм».
Ильхам Алиевдин куттуктоосу: «Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук жана кызматташтык мамилелери, стратегиялык өнөктөштүгүбүз келерки жылы элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн өнүгөт жана кеңейет деп ишенем.
Жаңы жылда Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм».
Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу: «Сиздерди кирип келген Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде чоң ийгиликтерди, ал эми Сиздин өлкөңүздүн бир тууган элине бакубатчылык жана мындан аркы прогрессти каалайм. Жаңы жыл баарыбыз үчүн жыргалчылыктын жана жаңы жетишкендиктердин жылы болсун!».
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн