Се ля ви
Женевалык бир активист журналист саясий куугунтук жеген ирандык журналисттин Швейцариядан башпаанек алуусуна жардам берген окуясын билчүмүн. Ошентип ирандык журналист бул жактан орун-очок алып жайгашып калат. Тил үйрөнөт, интеграция болот, жумуш табат. Жашы кырктан өтүп, жакшы жубай тапсам деп кыялданып жүргөн биздин каарман бир күнү поезддин ичинен капилет тагдырын биротоло өзгөртөт. Мүнөзү ушундайбы, дүйнөсү ушундайбы же бөтөн жерде жүргөн чымындуу адамга чындап “эргүү” келгенби - маңдайында олтурган татынакай европа түспөлүндөгү аялга минтип батынат: “Кечирип коюңузчу бирок сиз чыны менен татынакай аял экенсиз! Мен сизди бир көрүп сүйүп калдым окшойт. Башыңыз бош болсо колуңузду сурайм! Бул менин чын жүрөгүмдөн чыккан сөз!” дейт. Десе, тиги аял дагы жүрөгү тоо неме окшойт да: “Эгерде чын жүрөгүңүздөн айтып атсаңыз анда мен макулмун!” дейт күлүп. Түшүп бараткандары – ылдам учкан поезд. Дагы бир нече убакыт эле тиги киши батынып айтпаган болсо, поезд жетээр шаарына жетип, экөө балким өмүрү жолукпачу эки бөлөк жолдорго тарап кетишмек… Болгондо да шаша басып эки жакка тарап кетишмек. Бирок киши батынып атпайбы! Ал бакытты буруп атпайбы! Көрсө анын ошол сөзүндө, ошол эркинде экөөнүн тагдыры катылуу жаткан экен да… Ошентип таанышып, сүйлөшүп кетишет дагы ай айланбай экөө баш кошушат. Ушул тапта очор-бачар болуп, бактылуу жашашат экен. Ирандык кесиптеш-туугандын дарегин таап, бу кызыгы көп жашоо жайын кеп урганы макулдаштык. Кызык, бирөөлөр бакытын жылдап багып, жылдап күтөт. Бирөө чалынып жыгылып кетип аны колтуктап тургузган адамдын көзүн караганча жолугат. Ошондой экен. Жылт этип учкан бакыттын өзү ошондой экен. Тагдырды пачкалап чыгарган фабрикасы болбойт, аны адамдар ниети, жолу, мүнөзү, дүйнөсү, тарбиясы, жылдызы менен өздөрү жаратып, жасап алышат экен.
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн