Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт тигүү цехине жана унаа тейлөө станциясына өтүп, Subaru Outback унаасы толук күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндө такталган маалымат боюнча, жалпы аянтты 500 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен, жыгач устундуу шифер жабылган 10 чарчы метр тигуу цехтин пластик шыбы, жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр унаа тейлөө станциянын чатыры жана Subaru Outback унаасы толугу менен күйгөн.


Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Анын ичинде Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 7, Ысык-Көл облусу 1, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн