Теке 04, 2024
Убакыт: 02:51
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Бири 12 жаштагы кыз. Акыркы саатка алынган маалымат боюнча 3 кыргыз жараны каза болгон

30.04.2021 00:07
1829
Бири 12 жаштагы кыз. Акыркы саатка алынган маалымат боюнча 3 кыргыз жараны каза болгон

Үч адам, анын ичинде бир бала, кыргыз тараптан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышуунун курмандыгы болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.


Анын айтымында, Баткен облустук ооруканасында эки адам каза болуп, Лейлекте адам өлүмү менен коштолгон 1 окуя катталды. Мындан сырткары, 2008-жылы туулган кыз каза болду.


"Жалпысынан 51 жабырлануучу ооруканага кайрылган. Бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Ош жана Бишкек шаарларынан медицина кызматкерлери келип, кошумча керебеттер жайгаштырылууда. Керек болсо, жабырлануучуларды дагы дарылануу үчүн Бишкекке жөнөтөбүз", - деди ал.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Дуванаева Гулнара
12 жаш кыздын олумуно ким жооп берет.