Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Биринин абалы оор. Чек арадагы чатактан 4 адам ооруканага кайрылган

29.04.2021 10:37
886
Биринин абалы оор. Чек арадагы чатактан 4 адам ооруканага кайрылган

Чек арада жаракат алган 4 адам ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, бир адам жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн, экөө Самаркандек айылынын ооруканасына жаткырылган. Алардын биринин башына катуу жаракат алса, экинчисинин сол колу сынган. Алардын абалы туруктуу.


"Октон жаракат алган дагы бир жабырлануучу Лейлек аймактык медициналык борборуна жаткырылды, анын абалы оор", - деп белгилешти Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги.


Министрлик окуя болгон жерде үч тез жардам тобу нөөмөттө тургандыгын кошумчалады.

"Эгерде жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүү зарылчылыгы жаралса, Оштон адистер жөнөтүлөт", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн