Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:38
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Бишкек - Ош унаа жолу толугу менен жабылды

16.10.2024 10:57
84
Бишкек - Ош унаа жолу толугу менен жабылды


Бишкек-Ош унаа жолунун тоолу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу “Чычкан”, “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайларында унаа кыймылына чектөөлөр киргизилди.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Айдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы аймактарга чыкпай турууну суранабыз. Ошондой эле жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөгөлөктөргө алмаштырууну өтүнөбүз, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жаткан.

№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн