Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 18:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" посту кайрадан убактылуу жабылды

06.07.2022 10:43
926
Бишкек - Ош унаа жолунун "Сосновка" посту кайрадан убактылуу жабылды


Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" посту кайрадан жабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, пост бүгүн эртең менен жабылган. Учурда Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктандыруу системасын оңдоо үчүн энергетиктер иштеп жатат. Алар жумушун бүтөрү менен жол ачылат.

Белгилей кетсек, 5-июлда саат 15.50 чамасында Төө-Ашуудагы тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас күйүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар өтө албай, тоннелдин ичиндеги жарык өчүп калган. Кечээ кечинде унааны сүйрөп чыгып каттам жанданган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн