Кулжа 19, 2025
Убакыт: 22:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.70
100.70
RUB
1.107
1.140

Бишкек – Ош унаа жолуна 750 метрлик туннелдин курулушуна старт берилди

19.06.2025 18:03
19
Бишкек – Ош унаа жолуна 750 метрлик туннелдин курулушуна старт берилди


Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда 750 метрлик туннелдин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, JICA`нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана жергиликтүү тургундар катышты.


Министр Абсаттар Сыргабаев узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырыла турганын белгиледи.


"Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган негизги жолдун басымдуу бөлүгү тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындан улам министрлик үчүн башкы милдет жол тармагын өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.


Белгилүү болгондой, бүгүн курулушу башталып жаткан Бишкек – Ош автожолунун аталган тилкесинде да аскалардан таш кулоо коркунучу жогору. Мындай шартта эң ылайыктуу чечим – туннель куруу болуп эсептелет. Узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырылганы турат. Ал үчүн Япониянын Takenaka Civil Engineering & Construction компаниясы менен келишимге кол коюлду", - деди министр.


Белгилей кетсек, тоннель Бишкек – Ош автожолунун 400-чакырымына салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн