Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 01:31
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Бишкек – Ош жолундагы чектөөлөр алынды, – Транспорт министрлиги

08.01.2025 12:39
251
Бишкек – Ош жолундагы чектөөлөр алынды, – Транспорт министрлиги


Бүгүн, 8-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 10:00до алынды.

Транспорт министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн