Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 19:55
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, каттам токтотулду

Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, каттам токтотулду

Бишкек — Ош трассасынын Токтогул районундагы бөлүгүнө кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жол жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.


Маалыматка караганда, 14-март күнү жолдун 223,5-чакырымына көлөмү 550 куб метр, узундугу 150 метр, бийиктиги 3,5 метрлик көчкү түшкөн. Жабыркагандар жок.


Учурда атайын техника жолду тазалап жатат. ЖКККББ айдоочуларды зарыл иш болбосо тоолуу аймактарга барбай турууну сунуштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн