Бүгүн эрте мененки саат 10:15тер чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 224-чакырымында болжол менен 10443 м³ кар көчкү түшүп, саат 10:43тө аталган унаа жолдун 271-чакырымындагы Арал постунда жол жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилген.
Аталган объектке №23 Жол тейлөө ишканасынын техникалары жана Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Натыйжада саат 13:16 дан тарта жеңил унаалар үчүн жол каттамы ачылды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө күчүндө калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн