Бишкек-Ош жолунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
8-сентябрь күнү Жайыл району, Талды-Булак айыл аймагына караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 101-чакырымында, күн чыгыш тарабында болжол менен 55 га куураган чөп тоонун боорунда күйгөн, Өрттү өчүрүугө Жайыл районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 9 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылды.
Өрт 9-сентябрь күнү саат 18:10до чектөөгө алынып, саат 19:30да толук өчүрүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн