Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкек-Ош жолунда ири көлөмдө баңгизат сатуу учурунда эки жаран кармалды

Бишкек-Ош жолунда ири көлөмдө баңгизат сатуу учурунда эки жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 834 грамм гашишти сатуу учурунда эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Жалал-Абад облусунда Куба аттуу жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


“18-мартта Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылында А.К. жана К.И. аттуу жарандар өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууда кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылып алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган баңгизаттын жалпы салмагы 834 граммды түзгөн. Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин 282-бөлүгүндө (“Баңгикаражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн