Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек-Ош жолунда "Жигули" жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 3 адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда "Жигули" жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 3 адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда "Жигули" жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


2021-жылдын 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында MAН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу автоунаасы менен Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаа кагылышып кырсыктын кесепетинен жигули автоунаасындагы 3 жаран (эркек киши) окуя болгон жерде каза болушкан. 


Токтогул району боюнча ӨКБнүн №97 ӨК-КБнөн 5 куткаруучу тартылып, Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү авто унаада кыпчылып калган 3 жаранды чыгарышып, Токтогул райондук ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте тез жардам автоунаасы менен Токтогул райондук оорукананын моргуна өткөрүп беришип. Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн