Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 11:51
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталган маалымат боюнча Бишкек-Ош автоунаа жолунун 384 чакырымында "ВАЗ Жигули" автоунаасы менен “Мерседес-Бенц Спринтер” жүргүнчү ташыган автоунаасы кагылышкан.


Кырсыктын кесепетинен Жигули автоунаасынын айдоочусу 29.05.1985-ж.т. Т М аттуу Токтогул районунун тургуну каза болгон.


Ал эми “Мерседес-Бенц Спринтер” автоунаасында айдоочусу жана 9 жүргүнчү болгон. 4 жүргүнчү жеңил жана орто жаракат алып, тез жардам кызматы менен Кара-Көл шаардык ЖДПБ ооруканасына жеткирилип, абалдары канааттандырарлык экени аныкталган.

Аталган жайга №94 ӨК-КБнөн АСМ унаасында 4 куткаруучу саат 22:39 тартылып кырсыктын кесепетинен унаада калган жүргүнчүлөрдү чыгарышкан. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн