Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Жайыл районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында (Токойлуу тилкеси) “ Honda Stepwgn” жана “Nissan Cefiro" үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жол кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы Т уулу А аттуу эркек киши каза болуп, эки эркек киши ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.
Кырсык катталган жерге куткаруучуларды даяроочу мамлекттик борборунун (КДМБ) 154-чакырымында жайгашкан 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн