Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, жолдун бир тарабын жаап калган

13.10.2022 10:33
320
Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, жолдун бир тарабын жаап калган


11-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында, Өтмөк ашуусундаа “DAF” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы, бетон шакекчелери менен жүктөлгөн, “Toyota Surf” унаасынын ортосунда жол кырсыгы катталып, оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн түшүп кетип, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Бул окуя тууралуу КР ӨКМге 12-октябрь күнү маалымат түшкөн.


Жерине КР ӨКМнин №101 ӨКБ 4 куткаруучу тартылган, алар жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга көмөк көргөзүшкөн.


Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Т.Б. аттуу эркек киши жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн