ӨКМ кызматкерлери тоннелде бузулуп калган унааны сүйрөп чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Бүгүн Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында “К.Көлбаев” атындагы тоннелдин ичинде “Нива” үлгүсүндөгү унаа бузулуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде нөөмөттө турган КР ӨКМнин Тоо кен куткаруу кызматынын 6-өзүнчө мобилдешкен тоо кен куткаруу взводунун тобу тартылып, унааны тоннелдин түштүк тарабына сүйрөтүп чыгарып беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн