Журналист Болот Темиров кимдин аскердик билетин колдонуп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Темиров колдонгон аскердик билеттин ээси азыркы учурда Россияда. Ал Кыргызстанда аскердик кызмат өтөгөн.
Буга чейин, ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов Болот Темировго козголгон 4 кылмыш бириктирилип, сотко жөнөтүлгөнүн билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн