Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек ШИИБ Болот Темировго козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берди

20.04.2022 14:16
353
Бишкек ШИИБ Болот Темировго козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берди



Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери боюнча түшүндүрмө берди.


Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документти жасалмалоо), 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча шектелүүдө. Маалыматта Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп мыйзамды бузуп, жалган документтер менен Кыргызстан жарандыгын алганы, паспортун бир нече жолу алмаштырганы жана ошол документ менен бир нече жолу чек арадан өткөнү айтылат.


Шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы бул маалыматтар Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде быйыл январда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) козголгон кылмыш ишти тергөөнүн алкагында аныкталганын билдирген.


Мурдараак Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун билдирип, муну бийликтин басымы катары баалап, журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал бүгүн, 20-апрелде суракка чакырылган.  


Булак: "Азаттык" 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн