Бүгүн, 21-апрелде Чүй районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 63-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя катталган жерге ыкчам түрдө 4 куткаруучу тартылып, Toyota Avensis жана Subaru Outback унаалар кагылышкандыгы аныкталган.
Кырсыктын кесепетинен 2 жаран - 69 жаштагы эркек жана 65 жаштагы аял каза болду.
Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн