Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек ЖЭБ 400 миң тонна көмүрдү тендерсиз сатып алат

13.10.2022 15:20
333
Бишкек ЖЭБ 400 миң тонна көмүрдү тендерсиз сатып алат

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Айдаралиев кызматына октябрь айынын башында дайындалганын айтты.

“Кызматка келгенде экономикалык жана техникалык жактан анализ жүргүзүп, калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кошумча 400 миң тонна көмүр сатып алуу чечими чыккан. Аны сатып алууга бюджетте каражат жетиштүү. Көмүр алуу үчүн тендер өткөрүүгө убактыбыз жок, эртең ноябрь. Андыктан ортомчу жок бир булак менен келишим түзүлөт”, - дейт ал.

Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, күз-кыш мезгилине көмүр, газ, мазут, электр жарыгын алууга 9 млрд сом каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн