Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек мэриясы "Газпром Кыргызстан" менен отказандарды газга өткөрүү боюнча келишимге кол койду

28.01.2021 13:17
794
Бишкек мэриясы  "Газпром Кыргызстан" менен отказандарды газга өткөрүү боюнча келишимге кол койду


Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жана "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы "Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасынын от казандарын жаратылыш газына өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу   Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Муниципалитет тарабынан мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон, ал эми Болот Абилдаев “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын атынан меморандумга кол койду.


 Документ “Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 2021-2023-жылдарга экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын” ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.


Планга ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына чейин "Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасынын 19 от казаны жаратылыш газына өткөрүлөт, анын ичинде:

1. №7 орто мектеби;

2. №15 орто мектеби;

3. №32 орто мектеби;

4. №35 орто мектеби;

5. №40 орто мектеби;

6. №41 орто мектеби;

7. №49 орто мектеби;

8. №54 орто мектеби;

9. №59 орто мектеби;

10. №74 мектеп-лицейи;

11. №75 мектеп-лицейи;

12. №12 бала бакча;

13. № 152 бала бакча;

14. №23 орто мектеби;

15. №82 орто мектеби;

16. №96 орто мектеби;

17. №19 орто мектеби;

18. № 187 бала бакча;

19. "Байыр" от казаны.


Белгилей кетсек, “Бишкектеплоэнерго” КИ 66 от казанды тейлейт, анын 21и көмүр менен, 23ү газ, 11и электрдик, 11и бириктирилген. Жылына шаардык бюджеттен от казандарын кармоого жана тейлөөгө болжол менен 36 миллион сом бөлүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн