Учтун айы 30, 2025
Убакыт: 23:18
USD
87.30
87.80
EUR
90.80
91.80
RUB
0.875
0.910

Бишкек мэриясы кытайлык институт сунуштаган катализаторду сынай баштады

30.01.2025 11:00
43
Бишкек мэриясы кытайлык институт сунуштаган катализаторду сынай баштады


Бишкек мэриясы унааларга катализаторлорду орнотуунун эффективдүүлүгүн баалоо боюнча эксперимент жасоодо. 


Муниципалитеттен билдиришкендей, жабдуулар Кытайдын Циндао университети тарабынан сунушталган. 


Бул долбоор экологиялык жагдайды жакшыртуу жана абанын булганышын ын деңгээлин азайтуу максатында ишке ашырылууда. 


Эксперимент атмосферага бөлүнүп чыгарылган зыяндуу калдыктарды азайтууда катализаторлордун эффективдүүлүгүн аныктоого жардам берет.


Жабдуулар Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогерлер Максим Золотых менен Айбек Эркинбек уулунун автоунаасына орнотулду. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери бул унааларды катализаторлорду орнотууга чейин жана кийин текшеришкен.


Изилдөөнүн жыйынтыгы Бишкек шаарындагы абанын сапатына унаалардын тийген таасирин аныктоого жана шаардын экологиялык кырдаалын жакшыртуу үчүн мындан аркы кадамдарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.


Белгилей кетсек, абанын булганышынын негизги булактары болуп жеке сектор (40%) жана эски автоунаалар саналат, алар булгоочу булактардын жалпы санынын 30% түзөт.


Эске салсак, Бишкек шаарында катталганына 15 жылдан ашкан 333 801 унаа бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн