Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкек мэриясындагы кезектеги ири коррупциянын бети ачылды

14.02.2022 11:24
450
Бишкек мэриясындагы кезектеги ири коррупциянын бети ачылды

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тарабынан мамлекетке 27 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын бюджет жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы текшерилди.


Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Бишкекжарык» МИнин жооптуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын талаптарын бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн