Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты чыр-чатактан улам таанышынын бутуна ок аткан

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты чыр-чатактан улам таанышынын бутуна ок аткан


Кечээ, 7-августта Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан чыр-чатактан улам таанышынын бутуна ок аткан 1983-жылы туулган Т.Т. (Таалай Темиркулов) кармалды.

Ленин райондук ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча тергөө абагына киргизилди.

Белгиленгендей, жаран Т.Т. 9-мм калибрдүү "MP-79-9" маркасындагы травматикалык тапанчасын ыктыярдуу түрдө берген .

Эскерте кетсек, 7-августта Ак-Ордодо жаран урушуп кеткен адамынын бутуна ок аткан. Жабырлануучунун жубайынын айтымында, ок аткан адам Т.Т. Бишкек шаардык кенешинин депутаты болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн