Бишкек шаарына кирүүгө акы төлөнүш керек. Мисалы, күнүнө 500 сом. Ошондо борбор калаада унаалар аз болот! Мындай сунушту VB.KGнин окурманы билдирди.
Ошондой эле ал бардык кичи автобустарды периферияны тейлөө үчүн колдонуу керек деп эсептейт.
"Башка шаарлардан жана айылдардан адамдарды тосмолорго чейин жеткиришсин. Ал жакта эл чоң сыйымдуулуктагы шаардык транспортко: автобус, троллейбуска өтсүн" ,- деген шаар тургуну.
Пикирлер (1)