Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч жаш бала кармалды (фото)

23.06.2020 15:56
1049
Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч жаш бала кармалды (фото)


Бүгүн, 23-июнь күнү Бишкек шаарында Ленин райондук милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектелген үч жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 23-июнга караган түнү болжол менен саат 02:37лер чамасында Павлов көчөсү менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси жол жээгинде жаткандыгын көрүшкөн.


Ыкчам издөөнүн натыйжасында Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган А.К. аттуу жаран, 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Аталган факт боюнча Ленин райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн