Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында координациялык кеңеш өттү

04.12.2023 18:02
224
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында координациялык кеңеш өттү


Борбордук муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында координациялык кеңеш өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Бишкек шаарынын райондору боюнча салык кызматтарынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Борбор калаанын базарларындагы жана кичи базарларындагы учурдагы кырдаал боюнча маселе талкууга коюлду.

Жыйындын соңунда мэр төмөнкүлөрдү тапшырды:
- муниципалдык администрациялар Бишкектин райондору боюнча салык кызматтары менен биргеликте борбордун базарларында жана кичи базарларында соода иштерин жүргүзгөн ишкердик субъекттерине маалыматтык-түшүндүрүү иштерин берүү үчүн "бирдиктүү терезе" системасы боюнча жайларды ачуу маселесин кароо. Ошондой эле базар жана кичи базарларда бирдиктүү терезе аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү.

- Бишкектин райондору боюнча салык кызматтарына жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүү үчүн базарлардагы жана кичи базарлардагы соода орундарынын санына жараша кызматкерлердин зарыл санын бөлүп берүү сунушталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн