Бүгүн, 13-август саат 08:00гө карата Бишкек шаарындагы стационарларда 672 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бош орундар:
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы — 142;
- №2 төрөт үйү — 45;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 22;
- Темир жол ооруканасы — 17;
- Улуттук хирургиялык борбор — 18;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 211;
- «Гансидеги» обсервация — 151;
- КММАнын жатаканасы — 14;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн