Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекке эски мэрлер келсинби, же жаңысыбы?

13.04.2021 10:40
849
Бишкекке эски мэрлер келсинби, же жаңысыбы?


11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун алдын-ала жыйынтыктарына таянсак, Бишкек шаардык кеңешине алты партия кирип келди. Алар – «Эмгек», «Ак Бата», «НДПК», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл» партиялары. Азырынча шайлоонун жыйынтыгы расмий чыга элек. БШКнын маалыматына караганда, жыйынтык 35 күндүн ичинде белгилүү болот.


Ошого карабастан, эмитеден эле борбор калаанын мэри болот элем дегендер четтен чыга баштады. «Ак Бата» партиясын шайлоодо баштап барган экс-мэр Нариман Түлеев кайрадан мэрлик кызматты мээлеп турганын ачык эле билдирди. «Мен эми мыйзамдуу түрдө мэр болом» деп турат. Кыязы, ал өткөн жылдагы октябрь революциясынан кийин бул кызматка убактылуу келе калып эле кайра ызы-чуу менен кеткенине азыраак ызааланып калса керек.


НДПК партиясынын тизмеси менен талапкер болбосо да, аны шайлоодо колдой турганын билдирген Азиз Суракматовдо да мэрлик кызматка кайрадан көчүк бассам деген изги тилеги бар экени билинип турат.


«Эмгек» партиясынын ээси Аскар Салымбеков да өз адамын мэрлик орунга түртө турганы түшүнүктүү. Анын үстүнө аталган партия маарага биринчи болуп келди. Демек, шаар башчысына талапкерин жылдыруу мүмкүнчүлүгү буларда жогору.


Ал ортодо ырчы айым Анжелика Бекболиеваны калаа башчылыгына көрсөтүп жибергендер болду.


Айтор, борбор калаа башчылыгына баягы эле экстер жана шоумендер келгиси келип жаткан сыяктуу. Нариман Түлеев да, Азиз Суракматов да мурда мэр болуп иштешкен. Алтургай Аскар Салымбеков да 2005-жылдагы март революциясынан кийин азыраак убакыт мэрлик кызматты аркалап калган. Ушул күнгө чейин борбор шаарды канча жетекчи башкарса, ошолордун ичинен кандайдыр бир деңгээлде иш жасай алгандардын катарында Нариман жана Азиз мырзалар да бар. Бирок, экөөнүн тең ишмердүүлүгүндө козголгон кылмыш иштери бар эмеспи?


Мисалы, Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болгон. 2012-жылы ал мамлекетке Кытайдан автобустарды сатып алууда зыян келтирген деген айып менен кармалган. Түлеев 61 миллион сом мамлекетке келтирген зыянды төгүп берген. 2016-жылы мунапыс менен эркиндикке чыккан.


Ал эми Азиз Суракматов мэр болуп турганда, борбор калаанын Айтматов проспектиси менен Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы «Ынтымак» паркы курулганы белгилүү. Ага 90 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Мына ушул парктын курулушунда да бир катар мыйзам бузуулар орун алганын Башкы прокуратура билдирген. Мисалы, маалымат каражаттарынын бирине Башкы прокуратуранын Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов мындай деген: «Сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн. Ошондой эле инерттүү курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштеринин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган. Коомдук обьектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча келишим түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген».


Ошентип бул фактылар боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренеси (Ачык тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) жана 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери башталганы айтылган.


Демек, Түлеев менен Суракматов канчалык жакшы иштешкен болсо дагы, алардын убагында мэрияда коррупциялык иш-аракеттер болуп кеткени белгилүү болуп турат. Болгондо да аз суммада эмес, ири суммада. «Жесе да, иштесинчи» деген принципти кармансак, анда кайрадан эле экстерди алып келе берсек болот. А эгер жебей-ичпей, таза иштеген мэр керек десек, анда жаңысын издөөгө туура келет. Ал эми шоу-дүйнөсүнүн адамдары өз иштерин эле кылганы туура. Бишкек бул бир өлкөнүн борбор шаары, стратегиялык мааниси чоң. Аны «ырдап-бийлеп» башкарууга мүмкүн эмес. Мамлекеттик кызматтын аки-чүкүсүнүн баарын билген тажрыйбалуу дагы, ошол эле убакта «сол чөнтөгүн» мамлекеттин акчасы менен толтурбаган таза кадр керек. Андайлар бар, болгону миллиондорду кантип жасаса боло турганынын кыныгын алып алгандар дайым ийгиликке жетип келатышканы өкүнүчтүү болуп турат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн