Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте 7 шайлоо тилкесинде добуштар кайрадан саналат

19.04.2021 11:39
1249
Бишкекте 7 шайлоо тилкесинде добуштар кайрадан саналат

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы  7 шайлоо тилкесинде Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумдун бюллетендерин кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, 2021-жылы 18-апрелде Бишкек АШК жыйын өткөрүп, анда «Клооп Медиа», «Общее дело» коомдук фонддорунан жана 12 саясий партиядан келип түшкөн кайрылууларды жана арыздарды каралган.


Кароонун жыйынтыгында Бишкек АШК тарабынан №1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо тилкелериндеги референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу, андан тышкары төмөнкү шайлоо тилкелеринде добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу чечимин кабыл алган:

-№1158 шайлоо тилкеси – Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча;

-№1343 шайлоо тилкеси – Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жана референдум.


Ошондой эле, 24 шайлоо тилкесине: №1024, 1029, 1034, 1038, 1054, 1111, 1122, 1123, 1127, 1132, 1139, 1142, 1148, 1206, 1230, 1234, 1239, 1246, 1301, 1315, 1321, 1323, 1327, 1348 эскертүү берүү, №1243 и 1333 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.


Эске салсак, 11-апрледе жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн