Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте 81 жаштагы аял үйүндө жыгылып, эшик ачылбай калган

14.02.2022 11:12
452
Бишкекте 81 жаштагы аял үйүндө жыгылып, эшик ачылбай калган



Бүгүн, 14-февралда Бишкекте 81 жаштагы жаран үйүндө жыгылып, батирдин ичинде камалып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Окуя Свердлов районунун Разин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде орун алган. 

Такталган маалыматка ылайык, бекилип калган эшикти ачып берүү үчүн "112" кызматына кабарлаган. 


Жерине 5 куткаруучу тартылып, батирдин эшигин ачкан учурда ичинен 1941-жылы туулган Г.Р. аттуу аял киши жыгылып, өз алдынча тура албай жатканына күбө болушкан.

Куткаруучулар дароо жабыркаган аялга жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн